POST1RIGHT Кытай Өкмөтү менен Коомдук коопсуздук министрлиги кайтарымсыз негизде Кыргызстандын Ички иштер министрлигине 30 миллион юань суммасындагы жабдыктарды берет.
Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен жолугушуусунун жыйынтыгы менен кол коюлган Протоколдо белгиленген.
Бул материалдык-техникалдык жардамдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт.
Эске салсак, Бишкек шаарында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи менен жолугушуусу болду. Анын алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жолдору талкууланды.