POST1RIGHT
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Загародный көчөсү сел коркунучунда турат. Автордун айтымында,
Бул жер адамдар басчуу жол болчу, сел жүрүп жолду алып кеткен. Азыр чоң жар пайда болгон. Жардын үстүндө үй турат. 3 метрдей эле аралык калды. Кокус дагы катуу сел келсе бул үйдү алып кетет. Жаан жааган да эле сел жүрүп кетет. Мамлекет тарабынан жардам көргөзүлгөн жок. Дамба курулуп жаткан. 3 жылдан бери курулуп бүтпөй турат. Бул дамбага суу толуп кетет, жаан жааганда. Майлуу-Суу шаарынын мэри буга эртерээк чара көрсө,- деген билдирүүсүн калтырган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.