Сак болгула! WhatsApp тиркемеси аркылуу алдамчылык жайылууда
Новость KTRK/videograp

Сак болгула! WhatsApp тиркемеси аркылуу алдамчылыктын жаңы түрү жайылууда. Тиркеменин колдонуучуларына компаниянын 10 жылдык юбилейине карата делип бекер мобилдик трафик сунуштаган шилтеме жөнөтүлөт. Ага кирип суроолорго жооп берүү менен 30 таанышка жөнөтүү сунушталат. 

ESET антивирустук компаниясынан билдиришкендей, мындай талаптарды аткарган адамдардын жеке маалыматтары уурдалат. Андыктан дагы бир жолу айталы алданып калуудан, сак болуңуз!