Баткен облусунун аймагында жер титирөөлөр катталды
Новость KTRK/videograp

16-июнь күнү саат 18:37де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады. Жер титирөө Кадамжай районунун Кара-Шоро айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ошондой эле 17-июнь күнү саат 05:07де Баткен облусунун аймагында да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Лейлек районунун Өзгөрүш, Катраң айылдарында 3 балл, Маданият, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.