Казакстанда "митингге үндөгөндөр" кармалды
Новость azattyq.org

Нур-Султандын административдик соту бир нече кишини «мыйзамсыз митингге чыгууга үндөө» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, айыппул салды. 

«Желтоқcан ақиқаты» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурлан Базуловдун айтымында, 16-июнда 1986-жылдын декабрындагы окуялардын катышуучулары өткөн жумада кармалган жарандарды бошотуу чакырыгы менен тынчтык митингине чыгууну каалашкан. 

Анын айтымында, сот мындан тышкары нур-султандык бир катар активисттерге 88 миң теңгеден, дагы бирөөсүнө 55 миң теңге өлчөмүндө айыппул салды.