POST1RIGHT
Сокулук районунун тургундарынын 8 жылдан бери жер маселеси чечилбей келет. Ушул маселе боюнча "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү келген. Видеодо көрүп тургандай, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын алдына чогулган тургундар, акимден жер маселесин чечип беришин талап кылууда.
Райондун акими тоготпостон, элди ичине киргизбей жатат. Эл үчүн иштебейт булар, өз кызыкчылыгын гана ойлошот. Чоңдордун жер маселеси болсо, эчак гана чечилмек, ал эми мынтип бизге окшогон карапайым элдин маселеси чечилбей 8 жылга созулуп жатат. Карапайым эл батир алмаштырып, Россияда иштеп, тапкан акчасын бул жакка жиберип, жан багып жүрүшөт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.