Кызыл-Бирлик: сөөлжан, ылай аккан сууну кантип ичебиз?
Новость

POST1RIGHT

Аламүдүн районундагы Кызыл-Бирлик айылы таза суусуз отурушат. Суунун акчасын ай сайын төлөйбүз, бирок натыйжасын эч көрбөдүк. Мына минтип сөөлжан аралаш суу келип жатат, - деген автор видеосу менен бөлүшкөн. Чындыгында видеодо көрүп тургандай, крандан аккан суу ылай, сөөлжан аралаш агып жатат, аны ичкенге мүмкүн эмес. Кыргызстан сууга бай өлкө болгону менен, таза сууга жетпеген айылдар көп. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.