POST1RIGHT
Көл жээгинде унаа жууп аткан белгисиз адамды сүрөткө тартып алган автор, "Элдик репортерго" сүрөт жиберген.
Чолпон Ата шаарындагы Келечек эс алуу жайынын маңдайындагы көлдүн жээгинде белгисиз адамдар келип мына минтип сүрөттө көрүп тургандай, унааларын жууп кетишет. Бул туура эмес да, кереметүү көлүбүздү булгап жатышпайбы? Малдарын да жайгандар да бар. Таштандыларын да таштап кетишет,- деп ачууланган автор, билдирүүсү менен бөлүшкөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.