Белгилүү сүрөтчү Гапар Айтиевдин кароосуз калган үйү
Новость

POST1RIGHT

Борбор калаадагы Бөкөнбаев менен Панфилов көчөсү кесилишкен жеринде кароосуз калган үй бар. Бул үйдө улуу инсан, кыргыз элинин белгилүү сүрөтчүсү Гапар Айтиев жашаган. Азыркы учурда өтө кейиштүү абалда турганы өкүнүчтү.

Бул үйдү тийиштүү органдар музей кылып коюшса деле болмок. Сыртында Гапар Айтиевдин эстелиги турат. Көп адамдар келип кызыгып эстеликти карап кетишет экен. Ал эми ичине шаар тургундары таштандыларды таштап, даараткана катары да пайдаланып кетишет. Бул үйдү маданий чөйрөдөгү жетекчилер оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп, тарыхый музей кылып койсо, маданияттын бир бурчун толуктайт деп ойлойм,- деген Дастан аттуу шаар тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.