POST1RIGHT
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда 14-июнда болгон шамалдан электр түркүктөрү кулап түшкөн. Канча күн өтсө дагы ошол бойдон турат. Автордун айтымында,
Электр түркүктөрү кооптуулук жаратып жатат. Себеби шамал болгондо короолорубузга кулап түшкөн. Бул электр түркүктөрү эки көчөдөн ары тартылып, короолордун ичинен өткөрүлүп келинген. Азыр электр токтору чартылдап кооптуулук жаратып жатат. Тийиштүү жерлерге кайрылдык, келишкенда жок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.