POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында жайгашкан Түлеев 17/2 4 кабаттуу үйдүн жашоочусу "Элдик репортерго" билдирүү калтырган. Анын айтымында,
Айына "содержание и ремонт мест общего пользования" деп айына 90 сомдон төлөп келем, бирок эч оңдоо түзөө иштерин көрө элекмин, үйлөр курулуп бүткөнү менен, үйлөрдүн алдындагы аянтча толугу менен оңдолгон эмес, үйдүн подвалында жайгашкан унаа токтоочу жайды, унаа токтотконго бербестен, балдар аянчасынын тегереги, унаа токтотуучу жайга айланган. Башка жолун караштыр десем, администрация сөздү уккусу да келбейт. Былтыр 2018-жылы үч күн суук болгон кезде жылуулука деп, жылуулуктун акчасына 1000 сомдон кошуп төлөтүшү, быйыл январь айына 969 сом төлөндү, ошондо былтыр январь айына (үч күндүк суукта) жылуулука абдан көп суммада акча чыкты. Ушул жакта жашоочулар бардыгы айлык акыга иштеген адамдар. Ал эми администрация бизге окшогон адамдардан акчасын жээп жатат. Ушуларды текшерип,оң жагына чыксанар жакшы болот эле. Балдар биздин келечегибиз, ал эми биздин аянтчаны көрсөңөр, балдар ойногонго болбойт. Таштандылар тазаланбай.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.