POST1RIGHT
Ош шаарынын Кулатов кичи районунда жайгашкан таштанды төгүүчү жайынын эки күндүн биринде белгисиз бирөө келип өрттөп кетет. Мындан улам районду көк түтүн каптап, тургандарга ыңгайсыздык жаратууда. Автордун айтымында,
Ким өрттөп кетет билбейбиз, күнүгө ушунтип түтүн каптап, үйлөргө чейин кирип, аны менен биз дем алып жатабыз. Аргасыздан суу менен өрттү өчүрөбүз. "Тазалык" ишканасы эмнеге иштебейт? Аларга акчаны эмнеге төлөйбүз?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.