POST1RIGHT
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы күмөндүү постторду жарыялаган аккаунттардын артында кимдер турганын аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп турмакчы. Социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык чагымчылдыкка алып келген материалдарды жарыялаган жарандар мыйзам чегинде жазаланат.
"Кимдир бирөөгө жалган-жалаа жапкан мындай материалдар өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жарака кетирүү максатында жарыяланып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
УКМК мындай маанидеги постторду жарыялаган аккаунттардын артында кимдер турганын аныктоо үчүн ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп турмакчы. Ошондой эле, комитет региондор аралык жаңжалга чакырган материалдар үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.