POST1RIGHT
Буга чейин "Элдик репортер" рубрикасына Аламүдүн районунун Прохладное айылынан таза суу маселеси боюнча билдирүү келген. Арадан бир ай өтсө да, таза суу маселеси дагы деле чечилбей келет. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Айгул Маратова билдирүү жөнөткөн.
Ичкенге, жуунганга суу жок. Суу чыкса да ылай аралаш келет. Өткөндө кайрылганыбызда силерге, администрация келип алып, киминер "Элдик репортерго" кайрылгансынар деп териштирип кетти. Андан башка эч нерсени чечишкен жок. Тийиштүү органдардан жана бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурайт элек.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.