Киров суу сактагычы акыр-чикирге толуп кетти
Новость

POST1RIGHT

Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргоон айылынын Киров суу сактагычы таштандыга толгон. Акыр-чикирлер топтолуп, суу сактагычты булгоо коркунучунда турат. Башаламан ыргытылган таштандылар, шамал болгондо нары-бери учуп жаратылыштын көркүн бузуп жатат. "Элдик репортер" рубрикасына Үч-Коргоон айылынын тургуну Дадабаев Миржалал билдирүү жибереген.

Бул жер өтө кооз жер, бирок тегереги таштандыга толуп кетти. Бул жерге келип эс алып кеткендер өздөрү менен кошо таштандыларын ала кетсе. Балким тазалык сакталмак. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.