POST1RIGHT
Муну менен бирге ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын тагдыры, алардын укуктарын коргоо жана адамдык кадыр-баркын сактоо - мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктары экени айтылды. Президент ошондой эле турмуштук оор кырдаалда калган балдарды коргоо, анын ичинде зордук-зомбулуктан сактоо, өспүрүмдөрдү коомго интеграциялоо - өкмөт менен жергиликтүү бийликтин негизги милдети экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укугу жөнүндөгү конвенциясы 1989-жылы кабыл алынган. Кыргызстан буга 1994-жылы кошулган.