POST1RIGHT
Талас шаарынын Бакыян айылынын Эчкили тоосу таштандыга толгон. "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген автордун айтымында, Мурун бул жерде булактар аккан, таптаза жайыт жер болчу. Азыр болсо тегерегинин баары казылган, жарактан чыккан курулуш материалдарын ушул жерге таштап кетишет. Бул жайыт жер болгондуктан малдар келип оттошот. Чөп менен кошо акыр-чикир аралаш жээп алып малдар өлүп жатат. Айыл өкмөтүнөн суранат элек бул көйгөйдү чечип берсе. Мынтип турганы өкүндүрөт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.