Таштанды баскан Караколдун эс алуучу жайы
Новость

POST1RIGHT

"Элдик репортер" рубрикасына кароосуз калган эс алуучу жайлар боюнча көп билдирүүлөр келип түшүдөө. Дал ушул маселе боюнча Каракол шаарынын тургуну билдирүү жиберген.

Каракол шаарындагы Каракол эс алуучу жайынын абалы өтө эле начар. Таштандыга толгон, отургучтар сынган. Туристтер келсе уят эле го мынтип турганы. Эс алып отура албайсын. Бул жерге мектеп окуучуларын чакыртып, тазалатып койсо деле болчудай. Мэрия көңүл буруп, тазалатып, сынган отургучтарды оңдоп берсе,-деген автор билдирүү калтырган. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.