Иш учурунда дарыгерлер эмне менен алек?
Новость

POST1RIGHT

"Элдик репортер" рубрикасына автор дарыгерлердин кайдыргер мамилесине кейип видео тартып жиберген. Видео күндүзгү саат 2лер чамасында тартылган. 

Баткендеги областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору иш убактысында ачылбай турат. Бул ооруканадагы тейлөөнүн начардыгы өкүндүрөт. Бейтаптар 3,4 сааттан бери күтүп отурушат. Ал эми дарыгерлер болсо өз иштери менен алек. Түшкү тамактануу 12ден 1ге чейин болсо булар 3 болсо да ачышпайт. Дасторкон жайып, чай ичип, шашпай отура беришет. Бул жерде тартип деген жок. Тейлөөда абдан начар.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.