POST1RIGHT
Кечөө "Элдик репортер" рубрикасына Жаркынбаев айылынын тургунунан таштанды маселеси боюнча билдирүү келип түшкөн. Анын айтымында, Бул жер Жаркынбаев менен Ананьев айылынын ортосундагы жер. Таптаза жерди таштанды төгүүчү жай кылып салышкан. Таштандыны Жаркынбаев Ананьев айылынын тургундары эле ташташат. Жаратылышты мынтип булгаган туура эмес да. Бир гана таштанды эмес, мал-жандыктардын өлүктөрүн алып келип ташташат. Күн ысыганда жагымсыз жыттар айылды каптап жатат. Жанында эле элдер жашашат. Мынтип жакшынаакай жерибиз таштандыга айланып жатканы өкүндүрбөй койбойт. Эртерээк чара көрүлбөсө ар кандай оорулар чыгат. Айыл өкмөттөн суранат элек, ушул маселени колго алып, элдерге айтып, тазалап берсе жакшы болот эле,-деген билдирүүсүн калтырган.
Ал эми бүгүн дал ушул таштандылар айыл өкмөтү тарабынан тазаланып, таштандыларды анын жанындагы жайгашкан таштанды таштоочу жерге түрттүрүп, тазалык иштерин жүргүзүп, сүрөт, видеолорун рубрикага жөнөттү. Негизи бул таштандыларды айыл тургундары чуңурга төкпөй, четтине таштагандыктан келип чыккан.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.