Бишкекте күндүн ысышы күтүлүүдө. Буга байланыштуу шаардык муниципалдык кызматтар гүл клумбаларын сугарууну күчөттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, сугат иштерине байланыштуу бардык суроолор боюнча шаардыктар "Жашылдандыруу" ишканасына кайрылса болот.
Ал эми борбор калаанын Саламаттык сактоо башкармалыгы аптаптуу күндөрдө көчөгө көп чыкпоого чакырат. Бул күндөрү суу, сүт жана айранды көбүрөөк ичүү сунушталат.