POST1RIGHT
Миң-Куш Нарын обласунун Жумгал районундагы шаарча. Совет мезгилинде дал ушул жерден уран рудалары казылып алынчу. Ошол мезгилде Москванын көзөмөлүндө болуп келген Миң-Куш өнөр жайы өнүккөн шаарча болгон. Союз урагандан кийин шаарда жашоо кыйындай баштаган. Курулган үйлөр, имараттар жарактан чыккан. Дал ушул шаарчанын тургунгу Миң-Куш эли уранга ууланууда деп билдирүү жөнөтөн. Анын айтымында, Союз учурунда кандай шаарча эле, азыр көрүп ыйлагын келет. Жашоочулар уранга ууланууда, бизге көңүл бурган эч ким жок. Жүрөк, өпкө онкология оорулары күч алып жатат урандын айынан. Жумушсуздук күч алган, жогору жактан кабар алышпайт, алса да тыянак жок. Болгону шайлоо убагында гана эстешет. Жакында эле борбордон дарыгерлер келип, күбө болуп кетишти, ооругандардын саны көп болуп, кезек жетпей калып жатат. Ушул кыйынчылыктардын баарына кайыл болуп жашап жатканда жарыкты улам-улам өчүрүп тажатышты. Шылтоолору оңдоо иштери жүрүп жатат, анан карапайым элдин карызы. Миң-Куш элинин жашоо шарты чындыгында эле катаал, ушул элге жардам кылгандарынын ордуна, жарыкты электр түркүгүнөн кыркып өчүрүшөт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.