Маданият үйүнө жаш жетекчи келсе...
Новость

POST1RIGHT

Жайыл райондук маданият үйү кейиштүү абалда. Мурун кандай турса, ошол бойдон эч кандай оңдоо иштери жүргөн эмес. Маданият министринен суранат элек, бул жерге көңүл буруп Какеева С.А ордуна жаш жетекчи коюп берсе же жаш кадр жокбу? Жашы жетимишке келсе дагы жүрө бериш керекпи? Жаштарга орун берилбейби? Жаштар иштесин. Бир жарым жыл мурун атайын маданият үйүнө деп 7 миллион сом оңдоо иштерине деп бөлүнгөн. Бирок эч кандай оңдоо иштерин көргөн жокбуз. Айыл өкмөтүнө канча жолу кайрылдык эч жыйынтык жок,- деп нааразы болгон автор "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.