Баткен: электр түркүгү куласа ким жооп берет?
Новость

POST1RIGHT

Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Айжигитов көчөсүндө электр түркүгү авариялык абалда турат. Кокус кулап кетсе электр чубалгылар үзүлүп, адамдар жабыркаса ким жооп берет? Электр тармагында иштеген кызматкерлер алдын ала буларга көңүл бурса.

Мынтип турганына көп болду. Мунун тегерегинде жаш балдар көп ойнойт. Унаалар тынымсыз жүрөт,-дейт "Элдик репортерго" видеосу менен бөлүшкөн окурман.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.