Черемушка: сууну ысырап кылбайлы
Новость

POST1RIGHT

Кыргызстандагы суунун ысырапчылыгы деп "Элдик репортер" рубрикасына Ош облусунун Черемушка кичи районунун тургуну билдирүү жиберген. Анын айтымында, Сууну токтотуп койгон жапкычы жок болгондуктан суу шаркырап жерге агып жатат. Канча деген элдер таза сууга зар болуп жатат. Ал эми бул жерде ушундай көрүнүш. Суу чарба ишканасынын кызматкерлери келип оңдоп койсо деле болот эле го. Мынтип агып жатканына канча болду. Бул №4 оорукананын жанындагы жатаканын ортосунда жайгашкан.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.