POST1RIGHT
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жийде айылына кетчүү жол, видеодо көрүп тургандай, абалы өтө эле начар. Айыл тургуну Дөөлөтов Альберт "Элдик репортерго" билдирүү жиберген.
Бул жерде үлүш жерлери барлар арыктарын чабышпай, суулары жолду каптап жатат. Унаалар өткөнгө тоскоол жаратып жатат. Өзүбүздүн жолубуз таштак оюлган, эми мынтип оюлган жерлерге суу толуп, ыңгайсыздык жаратып жатат. Жергиликтүү бийликтегилер иштебейт. Жолубуз каналга айланып калган. Бул жол такыр каралбайт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.