Бишкек: Элебаев көчөсүндө эл басканга тротуар жок
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Элебаев көчөсүндө жөө адамдар басканга тротуар жок. Тургундар унаа жолу менен басууга аргасыз. Бул көрүнүш кооптуулук жаратып жатканына нааразы болгон автор, видеосу менен бөлүшкөн. 

Жолдун эки тарабында тең унаалар токтоп турат. Балдарыбыздын коопсуздугуна кабатыр болобуз. Бишкек шаарынын мэриясы көңүл буруп койсо,-деген автор.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.