Ак-Чий: мөндүр аралаш жааган жамгырдан улам катуу сел жүрдү
Новость

POST1RIGHT

26-июда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айыл аймагында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Ак-Чий айылын аз жерден сел алып кете жаздаган. Сел катуу келгендиктен, дамбага батпай сел ташып баштаган. 

Сел жарым сааттай келди. Бир убакытта дамбага батпай калып, аша баштады. Буга чейин дагы далай жолу сел каптап, үйлөрүбүздү талкалап кеткен учурлар болуп келген. Кудай сактады. Эгер, дагы 1 саттай убакыт сел жүргөндө айылды бүтүндөй талкалап, жууп кетмек. Негизи эле биздин айыл өзгөчө кооптуу аймак. 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аталган аймакка айыл жайгашып, эл жашаганга болбойт деген чечим чыгарылган. Коопсуз аймакка көчүрүү боюнча чыгарылган чечимдин негизинде Кара-Коо чөлкөмү тандалып алынган. Андан улам ал чөлкөмдөн 147 гектар жер каралып, башкы планы түзүлүп, тийиштүү документтери бүткөрүлгөн. Ошол 147 гектарга жаңы Ак-Тилек айылы түптөлмөк. Аталган чөлкөмгө көчөлү десек жерди трансформациялоо иштери Жогорку Кеңештен чечилип берилбей, карапайым эл минтип кыйналып, кудай деп жашап жатабыз.

Айыл эли турак жай кура алышпай же кулаганы калган турак үйүн оңдой алышпайт. Айылга керектүү имараттарды курууга болбойт. Кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандыра алышпайт. Турак жайын күрөөгө коюп, насыя алууга да болбойт. Себеби, өзгөчө кырдаалда турган айыл болгондуктан эч нерсеге уруксат берилбейт. Учурда бир үйдө 3-4төн үй-бүлө жашап, баш калкалап келишүүдө. Эки айылда биригип 132 түтүн болсо, дагы турак жай курууга кезекте турган 276 адам бар, - дейт жергиликтүү тургундар.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.