POST1RIGHT
Ак-Бата жаңы конушундагы үй-бүлөлүк медицина борборунда дарыгерлер иш учурунда ордуларында жок. Буга ачуулаган автордун айтымында,
Саат 15.00 болуп калды иш ордунда эч ким жок.Элдер отурушат күтүп. Бейтаптардын арасында кичинекей балдар, боюнда бар келиндер дагы бар. Бул жерге апамды алып келгем, кан басымы 200чыгып кетип. Келсек текшергенге эч ким жок, балдар дарыгери карап берди. Медициналык картабызда бат-баттан жоголуп турат, сурасаң билбейм, жоголуп кетсе керек деп жооп кайтарышат. Өз билемдик кылышат. Саат 3-4 дө буларды таппайсын. Сурасан эле жыйналышка кеткен дей беришет. Буларды үстүнөн карап, көзөмөлдөп турган эчким жок. Саламаттык сактоо министри буларды тарипке салып берсе, -деп видеосу менен бөлүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.