POST1RIGHT
Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы кабат үйлөрдүн таштанды төгүүчү жайы дайыма видеодо көрүп тургандай күйүп турат. Дем алууга мүмкүн болбой калды. Жанында мечит бар. Ал эми оң тарабында балдар ойноочу аянтча турат. Балдардын ден соолугуна, деги эле ошол жердин жашоочуларына абдан эле зыян келтирип жатат. Бул таштанды төгүүчү жайды башка жерге көчүрүп, ушул көйгөйдү чечип беришиңиздерди суранабыз,- деген автор билдирүүсү менен бөлүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.