Жаш ойлоп табуучулардын олимпиадасы аяктады
Новость KTRK/videograp

Жаш ойлоп табуучулардын олимпиадасы аяктады. Олимпиадага жалпысынан 100 мектеп окуучусунун эмгеги келип түшкөн. Калыстар тобунун тандоосу менен 33 долбоор финалга чыккан. 

Жыйынтыгында 1-орунга Нарын облусунан келген Эмилбек уулу Төлөбек, 2-орунга Ысык-Көлдөн келген Билим Асанкадыров, 3-орунга Ош облусунан катышкан Никита Челядник татыктуу болду. Иш-чаранын максаты - жаш ойлоп табуучуларды издөө жана аларга дем берүүнү көздөдү.