POST1RIGHT
Балыкчы шаарынын базарында санитардык эрежелер сакталбай келет. Видеону көрүп, түшкөн каражаттар кайда кетип жатат? Кемчиликтерди жоюуга неге көңүл бурулбайт?- деген суроолор пайда болот.
Базарда эч кандай шарт жок. Жетекчилик акча чогултуу менен алек. Ысык-Көлдүн дарбазасы деп койгон базардын абалы ушундай. Сатуучуларга эч кандай шарттар түзүлгөн эмес. Айла жок ушундай жагдайда болсо дагы тиричилигибизди улантып жатабыз. Өз көзүнөр менен көрсөңөр ичинер ачышаар эле,- деген билдирүүсү менен бөлүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.