Арча-Бешикте чак түштө жарыктар күйүп турат
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда жарыктандыруучу чырактар күндүзү да өчпөй күйүп турганын күбөлөр видеого тартып жөнөткөн.

Бүгүн 4чү күн мынтип турганына, мэрияга чалсак телефон албай жатат. Негизи эле мындай күндөрү жарыкты саат түнкү 12.00 беришет. Ага чейин көчө караңгы болуп турат. Электр тармагында иштеген кызматкерлер эмнени карап отурушат,-деген билдирүүсү менен болүшкөн автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.