Бишкек шаарындагы эски автобекеттин аялдамасын алдын тороп кыдырата тизилген таксисттерди дайыма көрүүгө болот. Бул башаламандык качан жоюлат? - деген автор "Элдик репортерго" билдирүү калтырган.
Токмокко кетте турган таксисттер менен 3 жылдан бери ата-энелер күрөшүп келебиз, бирок жыйынтык жок. Биз кайда гана кайрылбадык, ИИМ, мэрия эч биринен жыйынтык болгон жок. Ал аймакта №23 гимназия бар экенин билсеңиздер керек, ошол жерде окуган окуучулар кооптуу жагдайда унаа күтүп, ушул автобекеттин аялдамасына барышат, ал жерде таксисттерден аялдамада орун жок, маршруткага жолго чыгып анан араң тосуп түшүп кетиш керек, бул убакта авариялык кооптуу жагдай пайда болот.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.