Кызыл-Туу: жер астынан суу чыгып, эл убара тартууда
Новость

POST1RIGHT

Талас районунун Кызыл-Туу айылынын тургундары жер астынан чыккан суунун айынан жабыр тартып жатышат. Анын кесепетинен үйлөрдө жаракат кетип, полдору чирип, тургундар убара тартышууда. Автордун айтымында, 

Саздак жер болгондуктан атайын дернаж казылган. 7миллион 600 миң сом каралып. Аны пайдасы деле тийген жок элге. Ошол бөлүнгөн каражат толугу менен бул жерге жумушалганбы белгисиз. Бул жерде жашаган элге эле жаман болуп жатат мындай нымдуу жерде жашап жатканыбыз. Дернаждын ичи сууга толгон. Түтүктөрү сынган. Айыл өкмөттөн, райондон келип сурап койгон деле эч ким жок. Тийиштүү органдар келип текшерип, карап берип кетсе жакшы болот эле.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.