"Хан сарай" комплексинин иштөөсүнө каршы болгон тургундар
Новость

POST1RIGHT

Талас шаарында жайгашкан "Хан сарай" комплексинин иштөөсүнө каршы болгон тургундар "Элдик репортерго" билдирүү калтырышкан.

Талас шаарында жайгашкан "Хан сарай" комплексинде унаа жуугуч жайы, жайкы кафе, чоң тойкана, бильярд ойногон залы жана мейманканасы бар. Мунун баары Жусуп Иманалиевдин баласы Жолдошбек Иманалиевге таандык. Эми булар дагы тегерек четиндеги жашоочулардын уруксаты жок  комплекстин ичине дагы бир тойкана салып жатат. Биз жашоочулар "Хан сарай" комплексинин иштөөсүнө каршыбыз. Себеби унаа жуугуч жайынын саркынды суулары үйлөрдүн подвалдарына толуп жатат, тойканадан чыккан калдыктарды өрттөшөт, анын түтүнү көп кабаттуу үйлөрдү каптайт, тойканадан чыккан музыкасы түнкү саат 1-2 ге чейин иштейт, тынчтык бербейт, балдарыбыз уктай албай кыйналышат. Элди ойлогон эч ким жок. "Хан сарай" комплекси жабылсын, өкмөткө өткөрүлүп берилсин, элге керектүү спорт зал же балдар аянтчасы курулсун. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.