POST1RIGHT
Талас облусунун Талас районуна караштуу Каракол жайлоосуна кетчүү кейиштүү абалдагы жолду видеого тартып жиберген.
Бул жол жамгыр жааган көлчүккө айланат. Оюлган жерлерге суу толгон. Канча деген чабандар ушул жол менен кыйналып, баткакка тыгылып атып көчүп келишет. Эс алганы келгендер да көп. Жолду оңдоп коюшса балким эс алганы келген элдердин да саны көбөймөк беле,- деген автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.