Конуштарды каптаган кара түтүн
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жана Алтын-Казык конуштарында 10 күндөн бери кара түтүн каптап жатат. 

Бул конуштардын жанындагы таштанды полигонун өрттөшөт. Ушул нерсеге көңүл буруп, маселени чечип беришиңиздерди суранабыз. Балдарыбызды сыртка чыгара албай жатабыз, түтүнгө ууланып жатышат. Деги ушул таштанды полигону качан жабылат?-деген конуштун тургуну видеосу менен бөлүшкөн.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.