Нарын: базардагы башаламандык качан жоюлат?
Новость

POST1RIGHT

Нарын шаарынын борбордук базарынын айланасындагы башаламандык, шаардын көркүн бузуп, мында келгендердин ары-бери эркин өтүүсүнө чоң тоскоолдук жаратып жатат. Базарды кайсы учурда көрбө, анын айланысынын бардык тарабында ушундай көрүнүш. Адам басканга жер жок, себеби унаалар башаламан токтоп туруп алышат. Ал эми унаа өтүүчү көчөнүн боюнда туруп соода-сатык жүргүзгөндөр унааларга тоскоолдуктарды кана жаратпастан, санитардык талаптарга да жооп бербейт.

Бул базарда мыйзамсыз соода точкалар көп, унаалар таксилер башаламан токтотулган, качан ирээтке келтирилет. Ушул маселени тийиштүү органдар чечип берсе,- деген автор.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.