POST1RIGHT
Бишкек шаарындагы Жаш гвардия бульвары менен Чокморов көчөлөрү кесилишкен жердеги тротуар туура эмес салынган деген билдирүү түшкөн. Унаалар каттаган жол менен баратып эле тротуардын жолу башталып кетет. Муну кандай түшүнсө болот. Тротуарды унаалар өтө турган жолдун ортосуна чыгарып койгон. Бул жолду кимдер салып, кимдер көзөмөлдөп жатат? Балдардын коопсуздугун эмнеге ойлошкон жок,- деген шаар тургуну видеосу менен бөлүшкөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.