АКШдагы учак кырсыгынан 10 адам каза болду
Новость KTRK/videograp

АКШда жеңил моторлуу учак кырсыктап, 10 адам каза болду. Кырсык Техас штатында орун алган. Анда Beechcraft BE-350 King Air үлгүсүндөгү учак сарайды сүзүп өрттөнүп кеткен. 

Учакта жалпысынан 10 адам болгон. Ичиндеги бир дагы адам аман калган эмес. Учурда каза болгондордун аты-жөнү аныкталып, кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталууда.