POST1RIGHT
Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарында канализация ачык бойдон турат. Анын тегерегинде балдар ойноочу аянтча бар. Автодун айтымында,
Балдарбыздын коопсуздугуна сарсаана болобуз. Мурун 7 жаштагы бала түшүп кетип, каза болгон. Кокус дагы кырсык болуп кетсе ким жооп берет? Тегерегинде чуркап балдар ойноп жүрүшөт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.