POST1RIGHT
Жети-Өгүз районуна караштуу Конкино айылынын дүкөндөрүнүн биринен сатылып алынган йогурттун ичинен курт чыкты. Бул тууралуу "Элдик репортерго" айыл тургуну билдирүү жиберген. Автордун айтымында сатып алган дүкөнгө кайра алып барып, ичинде курт бар экендигин айтканда, соодагер “Биз дагы сатып алабыз, бизге да алып келип ташташат”-деп жооп берген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.