Москвада кыргызстандык алдамчы жаран кармалды
Новость KTRK/videograp

Москвада кыргызстандык аял кармалды. Ал мекенинде адамдарды миллиондогон каражатка алдап кеткен деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 43 жаштагы аял 2012-2014-жылдар аралыгында жасалган кылмыштарга шектелип, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

"ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, шектүү адамдардын ишенимине кирип бизнес ачууну сунуштаган. Кийин каражатын, унааларын алып качып кеткен", — деп айтылат маалыматта. 

Бир эле кыргызстандык кишиге келтирилген чыгымдын көлөмү 5 миллион 150 миң сомду түзгөн. Ага акчасы бүгүнкү күнгө чейин кайтарылган эмес. Учурда аялды Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.