Баястан айылында ичерге суу жок эл кыйналууда
Новость

POST1RIGHT

Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылынын кире беришинде жашаган тургундар жай саратанда ичүүчү сууга зар болуп отурушат.

Видеодо көрүп тургандай, бул жерден ичүүчү суубуз чыкчу, бузулуп калганына көп болду. Эл кыйналып жатат. Унаалары барлар башка айылдан суу ташып алып келишет. Ал эми бизге окшогон карапайым элдер ар кимге жалдырап отурабыз. Айыл аксакалдары айыл башчыга канча барышты, суубузду карап койгула деп, 1 жумадан кийин суу чыгарып беребиз деп айтат. Бирок суудан дайын жок. Эгиндерибиз куурап калган, суу жок. Оңдоп суубузду чыгарып берсе жакшы болмок,- деген айыл тургуну. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.