POST1RIGHT
"Манас" аэропортундагы чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүүдө чоң кезек күтүүлөр жаралып жатканына күбө болгон автор видеосу менен бөлүшкөн.
Бүгүн, 4-июлда "Манас" аэропортунда бажы көзөмөлүнөн өтүүдө кезек күтүүлөр 2 саатай убакыт алды өзүм күбө болдум. Бул нерсе качан чечилет? Дайыма 2 же 3 саатай кезек күтөбүз. Чек ара кызматты эртерээк тейлесе болбойбу? Тез арада чечилбесе чет өлкөдөн келген конокторго уят болуп жатабыз. Бүгүнкү кезек күтүүдө баарыбызга өтө ыңгайсыздык болду, кээ бирлер кезекте туруп самолеттон кечигип калышты.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.