POST1RIGHT
Алай районунун Гүлчө айылындагы Курманжан Датка менен Нарматов көчөсүнүн кесилишинде видеодо көрүп тургандай суу каптап жатат.
Канча күндөн бери айыл өкмөткө, суунун башчысына дагы кайрылдык көрүп кетишти. Бирок эч бир жыйынтык жок, маселебизди чечип бербей жатышат. Жогору жактагылардан ушул нерсени чечип беришти суранат элек. Борбордук жол, унаа тынбайт, үйгө бир айдан бери суу кире берип тажадык. Бул дайрадан келген суу. Суу түтүк толуп калып суу каптап жатат. Кирбеген эшигибиз калбады 10 жылдан бери ушул көрүнүш.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.