POST1RIGHT
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы туннелден өтүш үчүн 45 сом жана башка суммадагы каражат төлөнөт. Эми ушул чогулган акчанын бир эле айын эсептегенде канча каражат түшүп жатат. Ал акчалар каякка кетип жатат? Эмне түшкөн каражаттан 3 жарым чакырым жолду оңдоп койгонго жетпей жатабы? Жолдун жана туннелдин ичи өтө эле аянычтуу, ушуга уялбай кантип 45 сомдон алышат? Жолду оңдой алышпаса туннелди 45 сом эмес 5 же 10 сом кылышсын, ал дагы болсо карапайым элге кичине болсо да жеңилдик,- деп ачуулаган автор.
Жолчулар жыртык тешигин жамап койгон менен, ал бир мезгил өтпөй кайра бузулат. Анан кайрадан айдоочулар оюлган жолдон качып каттаганга аргасыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.