POST1RIGHT
Сузак районунун Үч-Малай айылында уюлдук телефон байланышы жана санарип да тартпайт. Бул тууралуу "Элдик репортерго" айыл тургуну видео тартып жөнөткөн.
Биздин айыл замандан артта калып жатат. Телефон байланышы тартпайт. Байланыш жоктугунан алыста жашаган туугандарыбыз менен сүйлөшө албайбыз. Дөңсөлөргө чыгып алып араң байланышка чыгабыз. Анда да байланыш жакшы угулбайт. Билайнга арыз жазганбыз, алар абонент аз экен деп айтышты. Жогору жактан жардам сурайт элек, ушул байланышты жакшыртып беришсе,- деген автор.