Кара-Жыгач: жолго битум чачылбастан асфальт төшөлүп жатат
Новость

POST1RIGHT

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунун Кара-Жыгач көчөсүндө жол оңдоо иштери жүрүп жатат. Дал ушул жол оңдоо иштери жүрүп жаткан жол тууралуу "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. Видеодон тегизделген шагылдын үстүнө битум чачылбастан асфальт төшөлүп жатканын көрүүгө болот. 

Кургак жерге эле асфальт төшөп жатышат, битум чачылган жок. Эми 1 айга жетпей тантыгы чыгат бул жолдун. Көзмөл кылган эч ким жок,- деп ачууланган конуштун тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.